Эртең Жибек Жолу проспектинин түштүк бөлүгү жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Эртең, 24-мартта, Бишкектеги Жибек Жолу проспектинин Кулиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Калаа мэриясынан билдиргендей, бул тилкеде канализациялык коллекторду төшөө боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.
"Бишкек суу канал" ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан жол каттамдарын алдын ала пландаштырууну өтүндү.
Ош шаарында "Тазалыктын" жумушчусун унаа сүзүп, каза болду