БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский Россия менен бир пикирге келсем дейт. Бул тууралуу НАТО баш катчысы Марк Рютте CBS News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Лондондо Зеленский менен 1,5 саат сүйлөшүп отурдум. Ал макулдашуу түзүүгө даяр, биз мындан россиялыктар да кабардар болгонун билишибиз керек. Алар да кызматташууга даяр болушу зарыл", — деген баш катчы.
Рюттенин айтымында, Зеленскийдин эпке келүү ниетине украин жаңжалын эртерээк чечүүнү каалаган АКШ президенти Дональд Трамп таасир эткен болушу мүмкүн.
Ак үйдүн кожоюну ага чейин Зеленскийдин тынчтыкка келүү ою жоктугуна таң калып жатканын билдирген болчу. Америкалык президент Украина маселеси боюнча Зеленскийге караганда Путин менен иштешүү жеңилирээк экенин белгилеген.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков 15-март күнү Россия Украина маселесин сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга даяр экенин, атайын операция Москва үчүн ыңгайлуу нукта бара жатканын айткан.