БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Европа энергетикалык көйгөйлөрдүн фонунда Россия менен мамилесин калыбына келтирүүнү кайра карап чыгып, Украинага колдоону азайтышы мүмкүн. Бул тууралуу украиналык Страна.ua басылмасы жазган.
Маалыматка ылайык, Сербиянын президенти Александр Вучич Европада бул маселеге мамиле өзгөрүп жатканын айтса, Еврокомиссиянын мурдагы башчысы Жан-Клод Юнкер да Москва менен алаканы жөнгө салууну колдогон.
Басылма ЕБ азыр алсырап турган шартта кризис дагы күчөп, бул Украина үчүн коркунуч жаратарын белгилейт. Анткени Европа учурда өлкөнүн негизги донору болуп эсептелет.
Ошондой эле макалада Европанын Украинага карата буга чейин бекитилген жардам программалары да кайра каралышы мүмкүн экени айтылат.
"Энергия ресурстарына байланыштуу көйгөйлөр Европаны Россия менен алакасын калыбына келтирүүгө түртүшү мүмкүн, бул өз кезегинде Европанын Украинага көрсөткөн колдоосун кайра карап чыгуусуна алып келиши ыктымал", — деп басылма белгилеген.