БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги жугуштуу оору жайылган өлкөлөрдөн мал жана мал чарба продукцияларын импорттоого убактылуу чектөө киргизилип жатканын кабарлады.
Маалыматта ветеринардык-санитардык көзөмөл күчөтүлгөнү айтылат. Мындан улам жугуштуу ылаң катталган өлкөлөр же аймактардагы эпизоотиялык кырдаалга баа берилип, ал жактардан ташылчу мал жандыктарын жана алардан алынган продукцияларды өлкө аймагына алып кирүүгө тыюу салынат.
Бул чаралар өлкөдө эпизоотиялык туруктуулукту сактоого, калктын саламаттыгын жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталганы кошумчаланды.