БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектелип кармалган төрт жаран 16-майга чейин №1 тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Буга чейин Ички иштер министрлиги "Кыргызнефтегаз" ишканасынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы А.Р., анын орун басары Н.Н. жана ага байланыштуу эки фирманын директорлору (А.Н. жана М.Б.) кармалганын билдирген. Инициалдарына караганда, алар Руслан Алтымышев, Назгүл Айдарова, Нургазы Нишанов жана Байгазы Матисаков (УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни) экени айтылууда.
Эске салсак, 16-мартта Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда ортомчу схемалар жана чийки затты шектүү эсептен чыгаруулардан улам ишкана болжол менен 4,18 миллиард сом зыян тартканы белгиленген. Ошондой эле бул схемаларга Ташиевдин туугандары, үй-бүлөсүнүн катышы бар экени айтылган.