БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Курулуш министрлиги Бишкектеги Фучик көчөсүндөгү беш кабаттуу үйдү жашаганга кооптуу деп тапты.
Маалыматка караганда, имараттын дубалдары бузулуп, арматураларын дат басып кеткен. Текшерүү жүргүзүп берүүнү жашоочулар өздөрү суранышкан. Натыйжада министр Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы боюнча адистер объектиге ыкчам инженердик текшерүү жүргүзүшкөн.
“Анын жыйынтыгында имарат көп жылдардан бери оңдолбой, туура эмес пайдаланылганы белгилүү болду. Эми инженерлер үйдүн тагдырын аныктай турган техникалык корутунду даярдашат”, — деди министрлик.
Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо боюнча мамлекеттик институт үйдүн абалы тууралуу тургундарга жана Бишкек мэриясына билдирүү жөнөттү.