БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Чолпон-Атадагы ипподромдо өткөн көк бөрү боюнча Нооруз кубогунда күйөрмандар “Путин, Путин, Путин” деп кыйкырышты.
Көп жылдардан бери “Ынтымак” менен “Достуктан” артпай келген Нооруз кубогу быйыл күтүүсүз натыйжа менен жыйынтыкталды. “Намыс” командасы финалда “Ынтымакты” 4:3 эсебинде утуп, тарыхында биринчи жолу чемпион болду. Соцтармактарда бул окуяга карата күйөрмандардын реакциялары тартылган видеолор тарап жатат. Алардын бири ипподромдо көрөрмандардын “Путин, Путин, Путин” деп кыйкырганы кызык болду. Көрсө чечүүчү улакты тай казанга дал ушул Путин деген каймана атты алып жүргөн Мирбек Муташев салып, тарых жараткан экен.