Кара-Балтада психиатрдык каттоодо турган жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кара-Балта шаарындагы Южная дачасында 22-мартта жерге көмүлгөн 33 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылып, шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББи билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, маркум 15–20 сантиметр тереңдикке көмүлгөн. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголду.
Тергөө учурунда аныкталгандай, 19-мартта 38 жаштагы Д.Р. аттуу жаран үч киши менен таанышкан. Баңгизат колдонгондон кийин алардын ортосунда жаңжал чыгып, мушташка айланган. Эки адам качып кеткен, ал эми Д.Р. үчүнчүсүн кармап калып, сабаган. Андан соң такси менен өзүнүн дачасына алып барып, ал жерде дагы сабаган. Натыйжада жабырлануучу каза болгон.
Кылмышты жашыруу максатында шектүү сөөктү көөмп, маркумдун кийимдерин жана жеке буюмдарын ар кайсы жерге чачып салган.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран 2014-жылдан бери психикасы жабыркаган бейтап катары каттоодо турат. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Жапаров ИИМ жетекчилиги менен милиция кызматкерлерине эскертүү берди