БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева Кыргызстанда балдардын азыктарын жарнама кылууга тыюу салыш керек деген сунушту киргизди. Маалымат парламенттин сайтына жарыяланган.
Ага эненин сүтүн алмаштыра турган азыктар, бөтөлкө, упчу жана тамактандыра турган башка продукциялар кирип калышы мүмкүн.
Ашымбаева беш жашка чейинки бөбөктөрдүн тамактануусу бузулганы боюнча маселе курч турганын, бул нерсе кичинекейлердин ден соолугуна терс таасирин тийгизерин айткан. Парламентарий эң жакшысы жана чыгым аз кете турган жол — баланы эмизүү экенин белгилеп, бөбөктөрдүн тамагын жарнамалоо жогорудагы көйгөйгө алып келүүдө деген оюн билдирген.
Былтыр май айында ал кездеги депутат Айсулуу Мамашова ушул сындуу мыйзам сунуштап, алты айга чейинки бөбөктөргө берилчү азыктарды рекламалоону чектөө зарылдыгын айткан эле.