Автоунаа аласалып барып, стелага такалган. Бишкектеги автокырсыктын чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Борбор калаага кире берген жерде, батыш тарабында жеңил машина оодарылып, рулдагы киши жабыркады. Бул туурасында Кайгуул милициясы билдирди.
Окуя 21-мартта саат 23:50дө Новопавловка айылында болгон. Toyota Avalon автоунаасы менен 20 жаштагы улан Фрунзе көчөсү менен баратып, жолдун боюндагы "Бишкек" стеласын сүзүп, андан соң оодарылып калган.
Айдоочу башынан жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген.
Окуянын кандай болгонун көргөн кишилер жигит жөө адамдар өтчү тилкедеги кишини сүзүп алуудан качып автокырсыкка кабылганын социалдык тармакка жазышкан.
Түндө Ошто үч фура жүгү менен күйүп кетти. Видео