БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстан алтын-валюта резервин топтоо боюнча Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин арасында биринчи орунда турат.
Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүн камтыган статистикалык жыйнакты жарыялады. Ага ылайык, былтыр республиканын көрсөткүчү бул жаатта 70,1 пайызга өсүп, 8,5 миллиард долларды түзгөн. Экинчи орунда 61,1 пайыз өсүш менен Беларусь турат.
Мындай резервдер улуттук валютанын курсун кармап турууга жардам берет.