24-мартка карата аба ырайы

24-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Шейшембиде туруксуз аба ырайына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 13…18, Талас чөлкөмүндө 12…17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 18…23, Ысык-Көлдө 8…13, Нарын өрөөнүндө 5…10 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 15…17, Ош шаарында 19…21 градусту түзөт.
Аптанын ортосунда күн ачылат. Алдыдагы жумага карата аба ырайы