Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Манас дүйнөсүн улуттук идеология жана руханий байлыктын булагы катары өнүктүрүү, ошондой эле айтыш, дастан жана кичи кыргыз эпосторун жаңы деңгээлге чыгаруу максатында “Манас” борборунун курулушу башталды. Бул тууралуу Улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков билдирди. Анын айтымында, курулуш аянты 2 гектарды түзөт. Бул жер мурда Манас айылынын аймагына кирген, азыр болсо “Манас” театрынын балансында турат.Долбоорго ылайык, үч кабаттуу көп функционалдуу комплекс курулат: биринчи кабатта 500 орундуу заманбап банкет залы, ашкана жана техникалык кызматкерлер үчүн бардык шарттары бар бөлмөлөр жайгашат; экинчи кабатта 1300 орундуу чоң концерттик зал, ошондой эле чыгармачыл адамдар даярдануучу атайын бөлмөлөр каралган; үчүнчү кабатта улуу эпоско арналган көргөзмө музейи орун алып, борбордун туруктуу жана натыйжалуу иштөөсүн камсыздайт. “Бул Манаска байланышкан бардык маселелерди өзүнө алган борбор болот. Учурда Манас боюнча китеп чыгаруу же иллюстрацияларды түзүүгө көзөмөл жетишсиз. Бул борбор ошол иштерди жөнгө салып, манас таануу тармагындагы мыкты идеяларды колдоп, ишке ашырууга жардам берет. Бүгүн руханий булак жана өзөк боло турган маанилүү долбоордун курулушу башталды”, — деди ал. “Манас” борборунун ачылышы “Манас” эпосунун күнүнө 2026-жылдын 4-декабрында пландалууда.
Бишкек шаарында жылуулук берүү 25-марттан тарта токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.Ошондой эле 1-апрелден 10-майга чейин оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн ысык суу берүү убактылуу токтотулат.Белгилей кетсек, жылуулук абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан жогору болгон учурда өчүрүлөт.
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын электр станцияларына сокку урууну беш күнгө токтотту. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social тармагындагы баракчасына жазды. Ал АКШ менен Иран "абдан жакшы жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү" өткөргөнүн белгиледи."Жолугушуулар жана талкуулар ийгиликтүү аяктаган соң АКШнын Коргоо министрлигине Ирандын электр станцияларына жана энергетикалык инфраструктурага сокку урууну беш күнгө токтотууну тапшырдым", — деп жазды америкалык лидер.Белгилей кетсек, 21-мартта Трамп Иранга Ормуз кысыгын ачууга 48 саат берип, болбосо электр станцияларынын баары талкаланарын эскерткен. Ага Иран жооп кайтарып, эгер энергетикалык объектилерге чабуул жасалса, Израиль менен АКШнын базаларына сокку урарын билдирген.
Владимир Зеленский Россия менен бир пикирге келсем дейт. Бул тууралуу НАТО баш катчысы Марк Рютте CBS News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Лондондо Зеленский менен 1,5 саат сүйлөшүп отурдум. Ал макулдашуу түзүүгө даяр, биз мындан россиялыктар да кабардар болгонун билишибиз керек. Алар да кызматташууга даяр болушу зарыл", — деген баш катчы. Рюттенин айтымында, Зеленскийдин эпке келүү ниетине украин жаңжалын эртерээк чечүүнү каалаган АКШ президенти Дональд Трамп таасир эткен болушу мүмкүн.