Бишкек шаарында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселеси акыркы жылдары өзгөчө көңүл бурууну талап кылууда. Шаарда санитардык абалды жакшыртуу, жашыл аймактарды кеңейтүү жана уруксатсыз таштанды жайларын жоюу максатында эки айлык жарыяланды. Анын алкагында көчөлөрдү, парктарды жана коомдук жайларды тазалоо, бак-дарактарды отургузуу иштери жүргүзүлүүдө. Муну менен катар таштандыларды өрттөөгө тыюу салынып, айып салуу каралган. Ага карабай АТРдин алкагында шаарга кошулган жаңы конуштарда мындай учур көп катталууда.
Муниципалдык кызматтар шаардагы тартипти камсыз кылуу жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча иштерди күчөтүп жатат. “Ачык кеп” программасында мэриянын кызматкерлери Шухрат Төлөнбаев жана Бактыбек Улан улуу болуп, бир катар суроолорго жооп беришти.