Жакынкы Чыгыштагы окуяларга карабай, ЕАЭБге мүчө болгонубуздун аркасында мунай жеткирүүдө коркунуч жок

Sputnik
Жакынкы Чыгыштагы геосаясий кырдаал дүйнөлүк мунай рыногуна таасир этүүдө. ОПЕК+ өлкөлөрүнүн чечимдери жана Ормуз кысыгындагы чыңалуу баалардын өсүшүнө жана жеткирүү жолдорунун коопсуздугуна түздөн-түз таасир тийгизет. Мындай шартта ЕАЭБге мүчө мамлекеттер үчүн мунай жеткиликтүүлүгү жана баалары жаатында маселе жаралбайбы?
“Спутниктен сүйлөйбүз” программасында Кыргызстандын Нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов мунай рыногундагы өзгөрүүлөрдүн Кыргызстанга тийгизген таасири, Россия аркылуу импорттолгон күйүүчү майдын баалары жана бааларды турукташтыруу механизмдери тууралуу да айтты.