Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин жетекчилигине жана бардык милиция кызматкерлерине эскертүү берди. Нарын шаарындагы жаңы ИИБ имаратынын ачылышында ал тартип сакчылары өз ишинде адилеттүүлүк жана калыстык принциптерин сактоого тийиш экенин билдирди. “Адилетсиздик болбошу керек, айрыкча милиция тарабынан. Адамдарды сабоого, күнөөсүздөрдү күнөөлүү кылууга болбойт. Жарандардын бийликке болгон ишеними түздөн-түз милициянын, сот системасынын, УКМКнын жана прокуратуранын ишинен көз каранды. Эгер эл силерге ишенсе жана ыраазы болсо, демек, силер аркылуу мага да ишенет”, — деди өлкө башчы. Жапаров ар кандай адилетсиз аракеттер кесепеттерге алып келерин белгиледи.
Бишкекте 23-28-март күндөрү ШКУ жаштарынын биринчи Дельфи оюндары өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.Билдирүүгө ылайык, ШКУнун алкагында өтө турган оюндар эл аралык достукту бекемдөөгө, маданий байланышты чыңдоого өбөлгө түзүп, ага мүчө мамлекеттердин жаштарынын кызматташуусу үчүн жакшы аянтча болот.Бүгүн борбор шаарга Тажикстандан делегация келди, алдыда ШКУга кирген башка мамлекеттердин өкүлдөрүнүн келиши күтүлүүдө. Оюндардын программасына конкурстук сегиз номинация кирет. Алар төмөнкү багыттарды камтыйт: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик жана эстрадалык ырдоо, элдик бий, диджейлик өнөр, элдик аспаптарда ойноо жана көркөм кол өнөрчүлүк.**Европа энергетикалык көйгөйлөрдүн фонунда Россия менен мамилесин калыбына келтирүүнү кайра карап чыгып, Украинага колдоону азайтышы мүмкүн. Бул тууралуу украиналык Страна.ua басылмасы жазган.Маалыматка ылайык, Сербиянын президенти Александр Вучич Европада бул маселеге мамиле өзгөрүп жатканын айтса, Еврокомиссиянын мурдагы башчысы Жан-Клод Юнкер да Москва менен алаканы жөнгө салууну колдогон.Басылма ЕБ азыр алсырап турган шартта кризис дагы күчөп, бул Украина үчүн коркунуч жаратарын белгилейт. Анткени Европа учурда өлкөнүн негизги донору болуп эсептелет. Ошондой эле макалада Европанын Украинага карата буга чейин бекитилген жардам программалары да кайра каралышы мүмкүн экени айтылат. "Энергия ресурстарына байланыштуу көйгөйлөр Европаны Россия менен алакасын калыбына келтирүүгө түртүшү мүмкүн, бул өз кезегинде Европанын Украинага көрсөткөн колдоосун кайра карап чыгуусуна алып келиши ыктымал", — деп басылма белгилеген.
Украинадагы жаңжалдын кесепетин толук сезген ЕБ өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн эми мунайга байланыштуу чыккан көйгөй жакшы нерсеге алып келбейт, кыйраткыч болот. Бул туурасында РИА Новостиге Франциянын "Улуттук биригүү" оңчул партиясынан барган Европарламенттин депутаты Тьерри Мариани айткан. "Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунайдын 20 пайызы өтөт. Жарым-жартылайбы, убактылуубу, айтор кандай гана чектөө болбосун, бул нерсе дүйнөнү энергетикалык жактан дендароо кылды. Рыноктор ар бир өзгөрүүнү, кыйчалышкан кырдаалды тынчсыздануу менен кабылдап жатат. Украинадагы согуштун кесепеттерин буга чейин толук сезип жаткан Европа өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн мунайга байланыштуу дагы бир сокку чындап эле каргалашуу болот", — деген саясатчы.Депутат бул нерсе инфляциянын өсүшүнө жана европалыктардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө, тагыраагы, социалдык абалына таасирин тийгизе тургандыгын белгиледи.