Никеге чейинки медициналык текшерүү: бул демилгенин пайдасы жана тобокелдиктери эмне?

Sputnik
Кыргызстанда никеге туруунун алдында милдеттүү медициналык текшерүү киргизүү сунушу коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Парламентте айтылган бул демилге ВИЧ, гепатит жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу максатын көздөйт. Демилгечилердин айтымында, болочок жубайлардын ден соолугун алдын ала текшерүү үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыздайт. Бирок айрым эксперттер бул чара жарандардын жеке жашоосуна кийлигишүү болуп, дискриминацияга алып келиши мүмкүн экенин эскертишүүдө. Андыктан эфирде мына ушул маселени талкууладык. Никеге чейин милдеттүү медициналык текшерүү чын эле коомдук саламаттыкты коргоого жардам береби же бул жеке укуктарга каршы кадамбы? Жогорку Кенештин депутаты, демилгечи Нуржамал Төрөбекова жооп берди.