БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын электр станцияларына сокку урууну беш күнгө токтотту. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social тармагындагы баракчасына жазды.
Ал АКШ менен Иран "абдан жакшы жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү" өткөргөнүн белгиледи.
"Жолугушуулар жана талкуулар ийгиликтүү аяктаган соң АКШнын Коргоо министрлигине Ирандын электр станцияларына жана энергетикалык инфраструктурага сокку урууну беш күнгө токтотууну тапшырдым", — деп жазды америкалык лидер.
Белгилей кетсек, 21-мартта Трамп Иранга Ормуз кысыгын ачууга 48 саат берип, болбосо электр станцияларынын баары талкаланарын эскерткен. Ага Иран жооп кайтарып, эгер энергетикалык объектилерге чабуул жасалса, Израиль менен АКШнын базаларына сокку урарын билдирген.