Ош шаарында "Тазалыктын" жумушчусун унаа сүзүп, каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ош шаарында "Ош-Тазалык" ишканасынын 67 жаштагы жумушчусу унаа сүзүп каза болду. Бул тууралуу шаардык милиция маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, кырсык 19-мартта саат 05:50дө болгон. Маркум "Тазалыкка" жумушка өткөн жылдын сентябрь айында кирген.
Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Ал эми шектүү катары Бишкектин 28 жаштагы тургуну кармалган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө рулду башкара албай калып, тротуарда иштеп жаткан адамды сүзүп алганын билдирген. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.
Чүй облусундагы жол кырсыктан эки адам каза болду