БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Мамлекеттик органдарды өздөрүнө тиешелүү болгон аянтынын бош жерлерин ижарага берүүгө шыктандырган эреже сунушталды.
Мамлекеттик мүлк агенттиги, мыйзам боюнча, мамлекеттик ишканалар жерди ижарага берсе ижара акысынын 70 пайызын өзүнө калтырса болорун эске салды. Анда бул каражат имаратты оңдоп-түзөөгө жумшалары айтылган, ал эми калган 30 пайызы бюджетке жөнөтүлөт.
Анткен менен бул жерде бир маселе бар: адегенде ижарадан түшкөн акчанын баарын бюджетке жөнөтүү керек, андан кийин гана 70 пайызын кайтарып алса болот. Бирок практика жүзүндө бул нерсе ишке ашпай, каражаттын 100 пайызы мамлекеттик бюджетте калып кетүүдө.
Мындан улам агенттик эрежени өзгөртүүнү сунуштап жатат. Мекеме ижаранын каражатын маморганга толугу менен калтырууну көздөөдө. Бул чечимден бюджет зыян тартпайт, анткени имараттарды жана анын айланасын оңдоп-түзөөгө, кароого кеткен чыгымдар азаят.