Кремль: Украина Европа өлкөлөрүнүн күн тартибиндеги негизги тема болбой калган

Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Европа мамлекеттеринин күн тартибинин сап башында Украина темасынын ордуна газ, бензин, электр энергиясы үчүн төлөм маселелери болуп калды. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айткан.
"Азыр европалыктардын биринчи номердеги темасы Украина болбой калган, анын ордунда газ, бензин жана электр кубатына кантип каражат төлөө маселеси чыкты", — деген ал журналист Павел Зарубинге.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ара жолдогу санкциялар жана кечиккен жардам. Зеленский Евробиримдикке нааразы