Эркиндик, коркунуч, жол, кең пейил эл. Кыргызстанды жөө кыдырган жигиттин маеги

Маектешибиз Арсен Базарбековдон баарлашууда жаштыктын деми, күчү сезилип турду. Ал ишкерликтен 140 миң долларга күйүп, ошол эле учурда сүйлөшкөн кызынан да кол үзгөндөн кийин Кыргызстанды кыдыруу идеясы жаралганын айтты.
Sputnik
Тагыраагы, бул учурда алаксыйын деп бир катар чет мамлекеттерди кыдырып кеткен. Ошондо кыргызстандык экенин уккан чет өлкөлүктөр мекенибизди кыдырып чыгышканын айтып, "өлкөңөр абдан кооз" деп баа беришкен. Жигит ошондо "мен да Кыргызстанды кыдырам" деп өзүнө сөз берген.
Ошентип Базарбеков сапарын Ысык-Көлдөгү эң алыскы айыл, Эңилчектен баштаган. Жалпы 137 күн дегенде Кыргызстанды жөө кыдырып бүткөн.
Сапарда жаратылыштын кооздугуна суктанып, кыргыз элинин пейилине ыраазы болуп, кымгуут жашоодон ыраактап эркиндикти сезгенин айтты.