Бишкекте ШКУ жаштарынын биринчи Дельфи оюндары өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкекте 23-28-март күндөрү ШКУ жаштарынын биринчи Дельфи оюндары өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, ШКУнун алкагында өтө турган оюндар эл аралык достукту бекемдөөгө, маданий байланышты чыңдоого өбөлгө түзүп, ага мүчө мамлекеттердин жаштарынын кызматташуусу үчүн жакшы аянтча болот.
Бүгүн борбор шаарга Тажикстандан делегация келди, алдыда ШКУга кирген башка мамлекеттердин өкүлдөрүнүн келиши күтүлүүдө.
Оюндардын программасына конкурстук сегиз номинация кирет. Алар төмөнкү багыттарды камтыйт: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик жана эстрадалык ырдоо, элдик бий, диджейлик өнөр, элдик аспаптарда ойноо жана көркөм кол өнөрчүлүк.
Бишкектеги фестивалда чет элдик студенттер кыргыз ырларын аткарышты