Өлкөдө айдоочулук күбөлүктү шашылыш алуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталууда

Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгы менен анын алдындагы түзүмдөр айдоочулук күбөлүктү шашылыш алуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү сунуштоодо.
Алар иштеп чыккан мамлекеттик кызматтардын стандарттары боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду.
Анда жаранга автомектепте окуп бүткөн соң айдоочулук күбөлүктү төрт күндүн ичинде берүү сунушталган. Ошондой эле аны шашылыш алуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Ага ылайык, шашкандар үч сааттан баштап эки күн ичинде ала алышат.
Мындай кызматтын баасы Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен макулдашуулардан кийин аныкталат.
"Бирөөнүн бизнесин тартып алууга укугум жок". Туманбаев автомектептер тууралуу