БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. АКШнын Иранга каршы операциясынын баасы 27 миллиард доллардан ашат. Бул тууралуу согушка кеткен чыгымдарды эсептеген Iran War Cost Tracker маалымдаганын РИА Новости жазды.
Ресурс кызматкерлерге төлөнгөн каражаттар, кемелерге коротулган сумма жана башка бардык чыгымдарды санап турат. Аны эсептөө ыкмалары Пентагондун докладына негизделген. Ага ылайык, операция башталгандан кийинки алты күндө 11,3 миллиард доллар чыгымдалса, кийинки ар бир суткада бир миллиард доллардан кетери эсептелген.
Newsweek АКШнын Иранга каршы операциясынын башталышына 2003-жылы Иракка кирүүгө караганда көп каражат кеткенин жазган. Басылманын маалыматы боюнча, Пентагон Конгресстен кампанияны улантууга деп 200 миллиард доллар сураган. Бул сумма 23 жыл мурун Жорж Буштун администрациясы алгандан 67 миллиард долларга көп.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциялары 28-февралда башталган. Андан бери тараптар бири-бирине сокку уруп келүүдө. Тель-Авив максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирген. Вашингтон өлкөнүн аскердик күчтөрүн талкалай турганын айтып коркутуп, жарандарын режимди кулатууга чакырууда. Иран болсо коргонууга даярдыгын, сүйлөшүүлөрдү кайра жүргүзүүнүн мааниси жок экенин айтууда.