Аптанын ортосунда күн ачылат. Алдыдагы жумага карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет 23-29-мартка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, 23-24-мартта тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Кыргыз гидрометеорология кызматы бул күндөрү тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болуп, муз тоңорун эскертти. 23-25-март күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 26-29-мартта шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши мүмкүн.
Бишкек шаарында 23-24-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. 25-29-март күндөрү күн ачык болот.
Чүй жана Талас облустары
Аталган облустарда 23-24-март күндөрү жаанчыл болот. Бул күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы божомолдонгон. Күн 25-мартта ачылып, аптанын аягына чейин жаан-чачын күтүлбөйт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Өлкөнүн түштүк аймагында 23-24-мартта түнү айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Синоптиктер кээ бир тоолуу аймактарда катуу жаан жаашы мүмкүндүгүн эскертти. 25-мартта күндүн көзү ачылып, 28-мартка чейин жаан жаабайт. 29-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Нарын жана Ысык-Көл облустары
Нарын менен Ысык-Көлдө 23-мартта түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 24-мартта да жаан-чачындуу аба ырайы уланат. 25-мартта түнү да жаан болот, тоолуу аймактарга кар жаайт. Бул күнү күндүз күн ачылып, 29-мартка чейин күн ачык болору болжолдонгон.
Апрелде аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин бир айлык божомолу