БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өзгөрүлмө аба ырайына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 15…20, Талас чөлкөмүндө 12…17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 14…19, Ысык-Көлдө 10…15, Нарын өрөөнүндө 6…11 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 17…19, Ош шаарында 16…18 градусту түзөт.