Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Президенттин иш башкармалыгы менен анын алдындагы түзүмдөр айдоочулук күбөлүктү шашылыш алуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү сунуштоодо. Алар иштеп чыккан мамлекеттик кызматтардын стандарттары боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду. Анда жаранга автомектепте окуп бүткөн соң айдоочулук күбөлүктү төрт күндүн ичинде берүү сунушталган. Ошондой эле аны шашылыш алуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Ага ылайык, шашкандар үч сааттан баштап эки күн ичинде ала алышат. Мындай кызматтын баасы Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен макулдашуулардан кийин аныкталат.
Республиканын бардык аймактарында 20-марттан тарта айыл чарбасын каттоо расмий түрдө башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалым болгондой, масштабдуу өнөктүктү ишке ашыруу максатында Ош шаары боюнча 9 координатор, 45 инструктор жана 233 каттоочу бекитилип, алар учурда жеринде иш алып барууда. Каттоонун алкагында төмөнкү багыттар боюнча маалыматтар топтолот: Айыл чарба жерлеринин абалы жана өсүмдүктөрдүн эгин аянттары; Мал жандыктардын жана канаттуулардын так саны; Айыл чарба техникаларынын абалы; Дыйкан чарбалардын жана жеке көмөкчү чарбалардын ишмердүүлүгү. Белгилей кетсек, айыл чарба каттоосу өлкөдө 10 жылда бир жолу өткөрүлөт. Бул иш-чара сектордун реалдуу абалы жана түзүмү жөнүндө так маалымат алууга багытталган маанилүү улуттук статистикалык долбоор болуп саналат. Аталган өнөктүк үстүбүздөгү жылдын 10-апрелине чейин улантылат.
АКШнын Иранга каршы операциясынын баасы 27 миллиард доллардан ашат. Бул тууралуу согушка кеткен чыгымдарды эсептеген Iran War Cost Tracker маалымдаганын РИА Новости жазды. Ресурс кызматкерлерге төлөнгөн каражаттар, кемелерге коротулган сумма жана башка бардык чыгымдарды санап турат. Аны эсептөө ыкмалары Пентагондун докладына негизделген. Ага ылайык, операция башталгандан кийинки алты күндө 11,3 миллиард доллар чыгымдалса, кийинки ар бир суткада бир миллиард доллардан кетери эсептелген. Newsweek АКШнын Иранга каршы операциясынын башталышына 2003-жылы Иракка кирүүгө караганда көп каражат кеткенин жазган. Басылманын маалыматы боюнча, Пентагон Конгресстен кампанияны улантууга деп 200 миллиард доллар сураган. Бул сумма 23 жыл мурун Жорж Буштун администрациясы алгандан 67 миллиард долларга көп. АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциялары 28-февралда башталган. Андан бери тараптар бири-бирине сокку уруп келүүдө. Тель-Авив максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирген. Вашингтон өлкөнүн аскердик күчтөрүн талкалай турганын айтып коркутуп, жарандарын режимди кулатууга чакырууда. Иран болсо коргонууга даярдыгын, сүйлөшүүлөрдү кайра жүргүзүүнүн мааниси жок экенин айтууда.