Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Өлкөдө туристтик объекттер көп курулууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Мир" телеканалына берген маегинде билдирди. Адылбек Касымалиев белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда мейманкана курулушу активдүү жүрүп жатат. "Жеке ишкерлер айрыкча аймактарда мейманканаларды куруп жатышат. Ысык-Көлдүн аймагында чоң курулуштар жүрүүдө, анын ичинде заманбап лыжа базасы Ак-Суу районунда курулуп жатат" , - деди ал. Мындан тышкары, Адылбек Касымалиевдин айтымында, Түп районунда да россиялык инвесторлор катышкан дагы бир лыжа базасы курулууда. "Бул аймактарда кар болжол менен 7 айга чейин жатат, демек кышкы туризм үчүн шарт жакшы. Ошондой эле Каркыра тарапта тоо кластерин түзүү сунушу бар. Эгер бириктирилсе, лыжа трассаларынын жалпы узундугу 1000 чакырымдан ашкан чоң туристтик кластер пайда болушу мүмкүн", - деди минкаб жетекчиси.
Мамлекеттик органдарды өздөрүнө тиешелүү болгон аянтынын бош жерлерин ижарага берүүгө шыктандырган эреже сунушталды. Мамлекеттик мүлк агенттиги, мыйзам боюнча, мамлекеттик ишканалар жерди ижарага берсе ижара акысынын 70 пайызын өзүнө калтырса болорун эске салды. Анда бул каражат имаратты оңдоп-түзөөгө жумшалары айтылган, ал эми калган 30 пайызы бюджетке жөнөтүлөт. Анткен менен бул жерде бир маселе бар: адегенде ижарадан түшкөн акчанын баарын бюджетке жөнөтүү керек, андан кийин гана 70 пайызын кайтарып алса болот. Бирок практика жүзүндө бул нерсе ишке ашпай, каражаттын 100 пайызы мамлекеттик бюджетте калып кетүүдө. Мындан улам агенттик эрежени өзгөртүүнү сунуштап жатат. Мекеме ижаранын каражатын маморганга толугу менен калтырууну көздөөдө. Бул чечимден бюджет зыян тартпайт, анткени имараттарды жана анын айланасын оңдоп-түзөөгө, кароого кеткен чыгымдар азаят.**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Талас районунун Беш-Таш айыл аймагындагы "Ботиков Марс" асыл тукум чарбасына барды. Ведомстводон маалымдашкандай, бул чарба айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган туруктуу бизнес-долбоор болуп саналат. Ишкана асыл тукум мал өстүрүү менен алектенип, эт жана сүт өндүрүшүн бирге өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзүүдө. Берилген маалыматка ылайык, учурда чарбада 70 баш ангус породасындагы эт багытындагы уй жана 31 баш голштейн породасындагы сүт багытындагы уй багылууда. Бул породалар жогорку продуктивдүүлүгү менен айырмаланып, сапаттуу эт жана сүт өндүрүүгө шарт түзөт.
Күн мурун Чолпон-Ата шаарында өткөн Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча салттуу турнирдин Жогорку лигасынын финалдык беттештери болуп өттү. Көк бөрү федерациясынан билдиришкендей, мелдештин финалдык беттешинде "Ынтымак" жана "Намыс" командалары күч сынашты. Негизги убакытта 3:3 эсебинде тең чыгып, кошумча убакыт берилгенде 4:3 эсебинде "Намыс" командасы мыкты экенин көрсөттү.Ага чейин үчүнчү орун үчүн "Шахтёр" жана "Алтын-Альянс" командалары кез келди. Чыңалуу менен өткөн оюндун жыйынтыгында "Шахтёр" командасы атаандашын 3:2 эсебинде жеңип алып, ардактуу 3-орунду ээлеген. Ал эми "Достук" жана "Мурас" командаларынын оюнчулары өз ара уруша кеткенине байланыштуу эки команда тең таймаштардан четтетилген болчу.**