Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Бишкек алдыда Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жыйынын жаңы инфраструктура менен тосот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Мир” телеканалына берген маегинде билдирди. Төраганын айтымында, Кыргызстан алдыда ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш-чараларды өткөрөт. Буга карата аэропорттон келүүчү атайын жол, конгресс-холл жана 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курулушу жүрүүдө. “Азыркы учурда аэропорттон конокторду тосуп алганда жол кыймылын токтотууга туура келүүдө. Алдыда тоскоолдуксуз жетүү үчүн атайын жол курулууда. Ал эми “Бишкек Арена” стадиону Борбор Азиядагы эң чоң стадион болот. Ошол жерде ШКУнун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт”,-деди өкмөт башчысы. Ошондой эле минкаб төрагасы белгилегендей, жаңы өкмөт үйү, Башкы прокуратура жана Салык кызматына имараттар салынып, административдик мекемелер шаардын сырткы тарабында болот.**Ош шаарынын борбордук мечити беш миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курула турганын муфтият кабарлады.Айт намаздан кийин анын долбоору шаардыктарга тааныштырылган. Иш-чарага мэр Жанар Акаев катышкан. Курулуш иштери ушул жумадан тарта башталарын, чыгымын демөөрчүлөр көтөрө турганын айтышты. Мечиттин имараты 44 сотых жерди ээлейт, алты кабаттан туруп, төмөнкү кабаттарына автоунаа токтотулмакчы.**Кыргызстандын маданияты менен искусствосуна 50 жылдан ашык кызмат өтөп, эмгеги сиңген театр жана кино актеру Абдыкалык Акматовго Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы тапшырылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Күн мурун сыйлыкты президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев тапшырып, өлкө башчысынын жарлыгын окуп берди.
Евразия экономикалык комиссиясы айыл чарба техникаларын чыгарууда уюмга мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча келечек пландарын аныктады. Мында айыл чарба техникасын чыгарган ишканалар менен анын тетиктерин өндүрүүчүлөр ортосунда кооперация түзүүгө көңүл бурулмай болду. Ошондой эле биримдиктин өлкөлөрүндө чыгарылган бөлүктөрдүн сапатын жогорулатуу жана айдоочусу жок иштеген чарба техникаларын чыгаруу пландалууда. "Тармактагы ишти тартипке салып, бирдиктүү системага түшүрөбүз. Бул кадам өлкөлөр ортосундагы кызматташууну күчөтүп, ар ким өз алдынча эмес, бири-бирин толуктап иш алып баруусуна шарт түзөт", — деп белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян. Азырынча техниканын кандай түрү чогултулары так айтылган жок. Бирок дүйнөдө айдоочусу жок тракторлор, комбайндар жана башка техника бар.
Эгерде Иран 48 сааттын ичинде Ормуз кысыгын ачпаса америкалык аскерлер анын электр станцияларын жок кылат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд ТрампTruth Social социалдык тармактарында билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды. "Эгерде Иран Ормуз кысыгын толугу менен 48 сааттын ичинде ачпаса, анда ушул убакыттан тартып 48 сааттын ичинде АКШ сокку урат. Түрдүү электр станциялары эң ирилеринен баштап жок кылы