БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Эгерде Иран 48 сааттын ичинде Ормуз кысыгын ачпаса америкалык аскерлер анын электр станцияларын жок кылат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармактарында билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
"Эгерде Иран Ормуз кысыгын толугу менен 48 сааттын ичинде ачпаса, анда ушул убакыттан тартып 48 сааттын ичинде АКШ сокку урат. Түрдүү электр станциялары эң ирилеринен баштап жок кылынат", — деп жазган ал.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциялары 28-февралда башталган. Андан бери тараптар бири бирине сокку уруп келүүдө. Тель-Авив максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирген. Вашингтон өлкөнүн аскердик күчтөрүн талкалай турганын айтып коркутуп, жарандарын режимди кулатууга чакырууда. Иран болсо коргонууга даяр экенин, сүйлөшүүлөрдү кайра жүргүзүүнүн мааниси жоктугун айтууда.
Жаңжалдан улам Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуу дээрлик токтоп калды. Ушул себептен Brent мунайынын баасы 2022-жылдын июнь айынан бери биринчи жолу баррелине 119 доллардан жогору көтөрүлүп, 29-31 пайызга өстү.