Евробиримдик Россиянын мунайынан баш тартпай турушу мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Европа биримдиги Россиянын мунайынан баш тартуунун мөөнөтүн жылдырып турушу ыктымалдыгын Bloomberg басылмасына таянып РИА Новости жазды.
"ЕБ Жакынкы Чыгыштагы абалдан улам РФтин энергетикасынан толугу менен баш тарта албайт. Мындан улам Россиянын мунай жеткирүүсүнө азырынча тыюу салынбашы мүмкүн", — деп жазылган маалыматта.
Шейшембиде Reuters Еврокомиссия 15-апрелде Россиянын көмүр суутегин импорттоого тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштоону пландап жатканын кабарлаган. Европалык аткаминерлердин айтымында, демилге Венгриядагы шайлоодон кийин сунушталат, анткени маселе добуш берүүгө таасирин тийгизбеши керек.
АКШ, Израиль жана Ирандын ортосундагы чыр-чатактын күчөшүнөн улам Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууга болбой калды. Ал кысык аркылуу Перс булуңунан мунай жана суюлтулган жаратылыш газы алып келинчү. Эми энергияга болгон баа асман чапчыды.
Орбан: Европа Россиянын мунайы жок көпкө узабайт