БИШКЕК, 21-мар. —Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп анын өлкөсү Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттерин токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.
Ак үйдүн кожоюнунун айтымында, Вашингтон аталган аймак боюнча алдыга коюлган милдеттерди аткарууга жакын калды.
"Биз өз максаттарыбызга жетүүгө абдан жакындап калдык, ошол эле учурда Жакынкы Чыгыштагы масштабдуу аскердик кадамдарды кыскартууну карап жатабыз", — деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.
Ал АКШ Ормуз кысыгынын коопсуздугун камсыздоого милдеттүү эмес экенин да белгилеген.
"Ормуз кысыгын пайдаланган өлкөлөр аны кайтарып, күзөтүүсү керек. АКШга ал кысык зарыл эмес", — деген Трамп.
Анткен менен эгер кысыктын коопсуздугун камсыздоого жардам берүүнү суранышса, кол сунууга даярдыгын айткан.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясы үч жумадан бери уланууда. Тараптар бири-бирине сокку урууну токтото элек. АКШ, Израиль жана Ирандын ортосундагы чыр-чатактын күчөшүнөн улам Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууга болбой калды. Ал кысык аркылуу Перс булуңунан мунай жана суюлтулган жаратылыш газы алып келинчү. Эми энергияга болгон баа асман чапчыды.