БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук мечити беш миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курула турганын муфтият кабарлады.
Айт намаздан кийин анын долбоору шаардыктарга тааныштырылган. Иш-чарага мэр Жанар Акаев катышкан. Курулуш иштери ушул жумадан тарта башталарын, чыгымын демөөрчүлөр көтөрө турганын айтышты.
Мечиттин имараты 44 сотых жерди ээлейт, алты кабаттан туруп, төмөнкү кабаттарына автоунаа токтотулмакчы.