Сүмөлөк, тоолуу Нарын, азем. Өлкөдө майрамдалган Нооруздун ирмемдери

Бүгүн кыргызстандыктар Ноорузду белгилеп жатат. Көптөрдүн көңүлүн бурган иш-чара Нарын шаарында өттү. Бул сапар президент Садыр Жапаров элди Теңир-Тоодон куттуктады.
Sputnik
1 / 20

Теңир-Тоодо белгиленген Нооруз

2 / 20

Президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова Теңир-Тоодо Ноорузду тоскон аземге катышты

3 / 20

Нарындагы Нооруз. Аластап жаткан учур. Аластоо – Нооруздун башкы белгиси.

4 / 20

Нарындагы сүмөлөк. Нечендеген кылымдардан бери келе жаткан аты, заты улук даам.

5 / 20

Нарында өткөн Нооруз. Манас айтып жаткан киши.

6 / 20

Оштогу Нооруз. ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиев улустун улуу күнүнө арналган иш-чарага катышты.

7 / 20

Ош шаары. Ноорузга арналган концерттик программадан көрүнүш.

8 / 20

ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиев элди куттуктады

9 / 20

Баткен шаарында Нооруз майрамына карата уюштурулган иш-чарадан көрүнүш. Борбордук стадион.

10 / 20

Баткендеги Нооруз майрамына карата программаларды күрөшсүз элестетүү мүмкүн эмес

11 / 20

Таластагы Нооруз. Айтматов району Кызыл-Адыр айылы.

12 / 20

Сүмөлөк бышырган апалар менен эжелер

13 / 20

Жалал-Абад облусунун борбору Манас шаарында өткөн Нооруз

14 / 20

Барпы Алыкулов атындагы драма театрында Ноорузга карата айтыш болду

15 / 20

Күн менен күн теңешкен Ноорузга арналган салтанат Бишкектин борбору "Ала-Тоо" аянтында өттү

16 / 20

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев "Ала-Тоо" аянтында кыргызстандыктарды Нооруз менен куттуктады

17 / 20

"Жер жарылып чөп чык". Үрөн сээп жаткан дыйкан.

18 / 20

Майрамдын көркүн чыгарган кичинекейлер

19 / 20

Нооруз, улустун улуу күнү, боз үй. Адамдар бири-бирин кечиришип, кас санашкандар достошуп, ушул күндөрдө согуштар да токтотулушу шарт болгон.

20 / 20

Күн менен түн теңешкен учур. Кыргызстандын көп улуттан турган эли Ноорузду дайыма шаң менен майрамдап келет.