БИШКЕК, 21-мар. —Sputnik. Тегерандын АКШ жана Израиль менен кармашууну токтотууга макул болуу ниети жоктугун Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи "Киодо" агенттигине берген маегинде билдирди.
"Ок атууну токтотуу чечимин кабыл албайбыз. Биз согуштун толук, ар тараптуу жана туруктуу аякташын каалайбыз", — деди ал.
Министрдин айтымында, Тегеран согуштун убактылуу токтотолушуна эмес, анын биротоло жөнгө салынышын жетүүнү көздөйт.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы чабуулунун уланып жатканына үч аптага жакын убакыт болду. Тараптар бири-бирине сокку урууда. Тель-Авив Тегерандын өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербей турганын айтса, Вашингтон өлкөнүн аскердик потенциалын жок кылам деп коркутуп, элин бийликти кулатууга чакырып келет. Иран коргонууга даяр экенин, сүйлөшүүлөрдү жандантуунун мааниси жок экенин белгилеген.