БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. АКШ менен Израилдин агрессиясынан улам дүйнөдөгү авиакомпаниялар билеттердин баасын көтөрүшү мүмкүн экенин Financial Times басылмасына таянып, РИА Новости жазды.
Басылманын эсебинде, 20 ири авиакомпания 53 миллиард долларлык чыгымга учурады.
Авиакомпаниялардын жетекчилери мунайдын баасынын кымбатташы бир топ кесепеттерге алып келерин айтышкан. Алар Перс булуңундагы аба майдандардын ишинин үзгүлтүккө учурашына даттанып, учак байланыштарына болгон суроо-талаптын аткарылышы көйгөй болорун эскертишкен.
Гезит белгилегендей, эми Жакынкы Чыгыш менен түз байланышпаган авиакаттамдарда да баа көтөрүлүшү мүмкүн. Анткени компаниялар билеттин баасын кымбаттатуу менен чыгымды толтурууга аракет кылышат.