22-мартка карата аба ырайы

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу райондоруна кар түшөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Мындан улам тоо этектеринде жана тоолуу райондордогу жолдор тоңуп, тайгак болот.
Абанын температурасы Чүйдө +16…+21, Талас жергесинде +13...+18, Ысык-Көлдө +9...+14, Нарын өрөөнүндө +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +17…+22 градус болот.
Термометр Бишкекте +17…+19, Ош шаарында +18…+20 градусту көрсөтөт.
Ош менен Бишкек шаарларында кийинки аптада жылуулук өчүрүлөт