ЕАЭБде айдоочусу жок иштеген чарба техникаларын чыгаруу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы айыл чарба техникаларын чыгарууда уюмга мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча келечек пландарын аныктады.
Мында айыл чарба техникасын чыгарган ишканалар менен анын тетиктерин өндүрүүчүлөр ортосунда кооперация түзүүгө көңүл бурулмай болду. Ошондой эле биримдиктин өлкөлөрүндө чыгарылган бөлүктөрдүн сапатын жогорулатуу жана айдоочусу жок иштеген чарба техникаларын чыгаруу пландалууда.
"Тармактагы ишти тартипке салып, бирдиктүү системага түшүрөбүз. Бул кадам өлкөлөр ортосундагы кызматташууну күчөтүп, ар ким өз алдынча эмес, бири-бирин толуктап иш алып баруусуна шарт түзөт", — деп белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян.
Азырынча техниканын кандай түрү чогултулары так айтылган жок. Бирок дүйнөдө айдоочусу жок тракторлор, комбайндар жана башка техника бар.
ЕАЭБде жүк ташуу кандай болуп жакшырары айтылды