Өлкөдө айыл чарбасын каттоо башталды

Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүндөн тарта айыл чарбасын каттоо башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өнөктүк 10-апрелге чейин созулат. Анын алкагында төмөнкү маалыматтар чогултулат:
айыл чарба жерлеринин аянты жана пайдаланылышы;
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана эгиндин аянттары;
мал-жандык жана канаттуулардын саны;
айыл чарба техникалары;
дыйкан чарбалардын жана жеке көмөкчү чарбалардын ишмердүүлүгү.
Белгилей кетсек, каттоо былтыр күзгө белгиленип, бирок шайлоого байланыштуу ушул жазга жылдырылган.
Кыргызстан Кытайга жүгөрү экспорттой баштады