БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Мунай тартыштыгы күчөгөн кезде Европа Россиянын нефтиси жок көпкө узабайт, эки-үч жуманын ичинде жагдай баарына белгилүү болот. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Брюсселдеги Евробиримдиктин саммити жыйынтыкталгандан кийин айтканын РИА Новости жазды.
"Мунайдын глобалдуу тартыштыгына аз калды. Мындан улам европалыктардын стратегиясы абдан кооптуу. Бизге россиялык нефть зарыл. Ансыз биз жашай албайбыз. Европа көпкө узабайт", — деген Орбан.
Анын айтымында, Россиянын мунайы керек экенин Евробиримдик азыр моюндабаса да, "эки-үч жумадан кийин бул баарына белгилүү болот".