БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Германиянын канцлери Фридрих Мерц Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды Украинага берилчү насыяны бөгөттөп жатканы үчүн сынга алды. Бул тууралуу Tagesschau басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.
Немец өкмөт башчысы венгр лидеринин аракетинин акыбети жаман болорун эскерткен.
"Евробиримдиктин ичинде мынчалык деңгээлде ишенимден чыгуу мурда-кийин болгон эмес", — деген Мерц.
Нидерланд өкмөт башчысы Роб Йеттен 19-мартта Брюсселде өткөн ЕБ саммитинде өз ара маанай абдан суз болгонун жана ыңгайсыз жымжырттык өкүм сүргөнүн айтты. Politico басылмасы жолугушуу "кооз билдирүүлөрдү" жазуу менен гана чектелип, Евробиримдиктин алсыздыгын көрсөттү деп жазды.
Быйыл январдын аягында Украина "Дружба" мунай кууру аркылуу күйүүчү май алып өтүүнү токтотуп койгон. Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто муну Киев апрель айындагы парламенттик шайлоого таасир этүүгө аракет кылып жатканы менен түшүндүргөн.
Буга жооп иретинде Будапешт дизелди жеткирүүнү токтотуп, 20-февралда Евробиримдик Украинага бере турган 90 миллиард евро көлөмүндөгү кредитти бөгөттөп салган. Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский Орбанды баш кесерлери менен коркуткан.