ЕБ Венгрияны Киевге 90 млрд. евро насыя берүүгө макулдата албай туңгуюкка кептелди

Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Евробиримдиктин Венгрияны Украинага 90 миллиард евро насыя берүүгө макул кылуу аракети туңгуюкка кептелди. Бул тууралуу РИА Новости маалымат булактарына таянуу менен билдирди.
Макалада Будапешт Киев "Дружба" мунай түтүгү аркылуу нефть жеткирүүнү калыбына келтирмейинче бул каражат берилбей турганын билдиргени айтылат. Венгриянын премьер-министри мунай блокадасы өлкөдө өтө турган шайлоого кийлигишүү үчүн колдонулуп жатканын билдирген.
"Лидерлер саммитте Украинаны жана ага берилүүчү 90 миллиард евролук насыяны талкуулашкан. Орбандын позициясы өзгөргөн жок. Эгер "Дружба" түтүгү ишин жандандырбаса, Венгрия Украинага пайда боло турган бир да ишке уруксат бере албай турганын айтты. Мындан улам талкуу уланууда", — деген маектеш.
Аталган маселе — сүйлөшүүлөрдүн эң эле талуу жери. ЕБ бир тараптан Украина боюнча бирдиктүү позицияны сактоого аракет кылса, экинчи жагынан мүчө өлкөлөрдүн ар түрдүү энергетикалык муктаждыктары менен эсептешүүгө мажбур болууда.
Украина россиялык нефть өткөн "Дружба" түтүгүнүн өз аймагынан өткөн бөлүгүнүн иши бузулду деген шылтоо менен 27-янврада токтотуп койгон. Венгриядан Украинага дизель жөнөтүлбөй, кийин Будапешт Евробиримдиктин 90 миллард евро өлчөмүндөгү насыясын жана санкциялардын 20-пакетин бөгөттөп салган. Өлкө бийлиги мындай кадамын россиялык мунайдын өтүшүн саясий себептерден улам токтотуп койгон Киевдин опузасына жооп деп атаган.
Орбан Украинадагы жаңжалдан кимдер пайда көрүп жатканын айтып берди