Дарика Жалгасынова сахнада 72 жашка чейин ырдады
Дарика Жалгасынова 25 жашында Опера жана балет театрына келген
Ал Москвадагы Петр Чайковский атындагы консерваториянын вокал факультетин артыкчылык менен аяктаган
Опера ырчысы жолдошу, композитор Жайлообек Жалгасынов менен
Сахналаштар Артык Мырзабаев менен Дарика Жалгасынова."Фауст" операсы, 1973-жыл
Дарика Жалгасынова гастролдоп кыйырларды да кыдырганга, балдарын тарбиялаганга да убакыт тапкан
Даңк медалы жана Манас орденинин ээси Дарика Жалгасынова улуттук чыгармалардан тарта дүйнөлүк классикалык операларга чейин аткарган
Дарика Жалгасынова Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестриндеги кесиптештери менен. 1978-жыл
Кыргыздын каймактары: акын Түмөнбай Байзаков, экран жылдызы Гүлшан Молдоева, алп жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков жана ырчы Дарика Жалгасынова
КРдин эл артисти телеэкранга "Дариканын музыкалык өргөөсү" аттуу көрсөтүүсүн, радиого "Мезгил жана музыка" уктуруусун алып чыккан