БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. АКШнын Куралдуу күчтөрү Иранга каршы операциясынан улам Жакынкы Чыгышка аскер жөнөтүүнү тездетип жатканын NBC кабарлады. https://www.nbcnews.com/
"Жакынкы Чыгышка миңдеген кошумча матрос жана жоокерлер жөнөтүлүп жатат. Алдыдагы күндөрү мерчемделгенден эрте Сан-Диегодон 2,2 миң матрос чыгат", — деп айтылат маалыматта.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясы 28-февралдан бери уланып келе жатат. Тараптар бири-бирине сокку урууда. Тель-Авив Тегерандын өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербей турганын айтса, Вашингтон өлкөнүн аскердик потенциалын жок кылам деп коркутуп, элин бийликти кулатууга чакырып келет. Иран коргонууга даяр экенин, сүйлөшүүлөрдү жандантуунун мааниси жок экенин белгилеген.