БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. 2003-жылдын 20-мартында АКШ союздаштары менен жок нерсени шылтоолоп Иракты бүлгүнгө учураткан. Тарыхый окуяны Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы эске салды.
Кийинчерээк аскердик операция "Ирак эркиндиги" деген аталыш алган. Башында анын максаты террорчулукту жана кыйратуучу биологиялык куралды жок кылуу деп айтылып, бирок анын баары калп болуп чыккан. БУУнун инспекторлору Багдаддын биологиялык курал чыгаруу программасы жок экенин, ал эми Саддам Хусейндин "Аль-Каида" менен байланышы болбогонун аныктап чыгышкан.
Иш жүзүндө АКШ бийликти кулатып, региондогу ресурстарга ээлик кылууну көздөгөн.
Эки айдан кийин эле коалиция өлкөнү басып алып, бир нече оккупациялык аймакка бөлүп алган.
2011-жылы АКШ Ирактан чыгып кетүүгө аргасыз болот, бирок артында 1,5 миллион бейкүнөө адамдын каны, талкаланган өлкө калган. Жарандык согуш башталып, террорчулардын зомбулугу күчөп, өлкө ушу кезге чейин калыбына келе албай келет.