21-мартка карата аба ырайы

21-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. 21-март, ишембиде, күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан, тоолорго кар жаайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл өрөөнүндө +9...+14, Нарын жергесинде +5...+10 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +17...+19 градуска чейин көтөрүлөт.
Эски аянттагы кылкылдаган эл. Айт намаздан сүрөт, видеолор