Жаштарды туура тарбиялап, аларга багыт берип, турмушта өз ордун табууга көмөктөшүүдө спорттун ролу өзгөчө чоң. Спорт тартипке, жоопкерчиликке, эмгекчилдикке жана максат коюп, ага жетүүгө үйрөтөт. Бүгүнкү күндө жаштарды терс көрүнүштөрдөн алыстатып, дени сак жашоого үндөө, алардын потенциалын ачуу үчүн спорт эң натыйжалуу куралдардын бири болуп эсептелет. Ошондуктан бул тармакты өнүктүрүү жана жаш муунду спортко тартуу — коомдун келечеги үчүн маанилүү багыт болуп саналат. Оор атлетика боюнча Москва олимпиадасынын чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиев тажрыйбасы, методдору менен бөлүштү.