Чет өлкө лидерлери кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттукташты. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, куттуктоо телеграммаларын Шавкат Мирзиёев, Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов, Ильхам Алиев, Реджеп Тайип Эрдоган, Махмуд Аббас, Масуд Пезешкиан, Абдельмаджид Теббун жөнөтүштү. Ошондой эле Иорданиянын падышасы Абдалла II ибн аль-Хусейн жана Сауд Аравиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд да куттуктады. Мындан тышкары, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев да жакшы каалоолорун жолдоду. Чет элдик лидерлер Кыргызстан элине тынчтык, бакубат жашоо жана өнүгүү каалап, ал эми президент Садыр Жапаров менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин белгилешти
Кыргызстанда чет элдик мугалимдерди салыктан бошотуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Өкмөт Салык кодекси, социалдык төлөмдөр жана миграция мыйзамына өзгөртүүлөрдү сунуштады. Максаты чет элдик мугалимдерди жана адистерди билим берүү тармагына тартуу. Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык: Чет элдик мугалимдердин кирешеси киреше салыгынан бошотулат Социалдык төлөмдөрдөн бошотулат Убактылуу жашоо уруксатын алуу жеңилдетилет Кыргызстанда өндүрүлбөгөн билим берүү жабдууларынын импортунан кошумча салык алынбайт Билим берүү уюмдарына салык жеңилдиктери берилет Мыйзам долбоору IT, инженерия, табигый илимдер жана тилдер багытындагы адистерди тартууга жана билим сапатын көтөрүүгө жардам берет. Эске салсак, өлкөдө учурда 1,5 млн мектеп окуучусу билим алууда, адистердин тартыштыгы сезилүүдө.
Кытайдан авто экспорт 2026-жылдын башынан бери 1,5 эсеге өстү. Кытай автоөндүрүүчүлөр ассоциациясы маалымдагандай, жылдын алгачкы эки айында экспорт 1,35 млн автоунаадан ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48,4% көбөйдү Ошондой эле жаңы энергия булактары менен иштеген автоунаалардын экспорту өзгөчө өсүп, 110% көбөйдү. Жалпысынан 583 миң даана экспорттолуп, бул жалпы көлөмдүн болжол менен 40%ын түздү.
Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулаат Кадырoв өлкөдөгү туберкулез абалын айтып берди. Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаал чыңалган бойдон калууда, негизги көрсөткүчтөр жогору. Эске салсак, буга чейин Жазаларды аткаруу кызматынын бир кызматкеринен аталган илдеттин ачык түрү аныкталганы боюнча маалымат тараган эле. Дарыгердин айтымында 2025-жылга карата маалымат боюнча: Туберкулез 100 миң адамга 52,1 учурду түзөт Өлүм көрсөткүчү 100 миң адамга 2,1 учур болуп катталган. Кадырoв 2001-жылы эң жогорку көрсөткүч катталганын эске салды. Анда 100 миң кишиге 168 учур жана 27 өлүм туура келген. 2001-жылдан бери оору дээрлик үч эсе азайган.