Турмушта эң негизги категориялардын бири убакыт, мезгил болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу кыргыздын жыл мезгилдерин таануу, ошондой эле айлардын аталыштарынын пайда болгонун негиздүү айырмалоо үчүн окумуштуу Жумакадыр Карамолдоев изилдеген. Кыргызча ар бир айдын аталышынын өзүнүн мааниси, мейкиндик менен негизделип, табият менен тыгыз байланышта болгон. Мисалы, кайберендер жүргөн мейкиндик менен алардын мезгилге (айларга) байланыштуу жашоо образы да айдын аталышын камтыган.
“Ачык Кеп” программасында Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессору Жумакадыр Карамолдоев кыргыз ай санагында ар бир мезгилде 91 күн менен эсептеп келишкенин да белгиледи.